ЖАРАН ПЕНСИЯНЫН ЭКИ ТҮРҮН БИР УЧУРДА АЛА АЛАБЫ?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

ЖАРАН ПЕНСИЯНЫН ЭКИ ТҮРҮН БИР УЧУРДА АЛА АЛАБЫ?

⚡️СУРОО;
Пенсиянын 3 түрү бар экенин билебиз. Алар карылык боюнча пенсия, инвалиддик боюнча пенсия жана бакканынан ажырагандык боюнча пенсия. Эгерде жаран пенсиянын ушул үч түрүнүн экөөсүн алууга укугу бар болсо, мисалы, карылык боюнча пенсия жана багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия, ал эки пенсияны бир убакта ала алабы?

⚡️ЖООП;
«Жарандарды мамлекеттик пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик пенсиянын ар кандай түрлөрүн алууга укугу бар жарандарга өздөрүнүн тандоосу боюнча бир пенсия дайындалат.

✏️ Бул деген ошол жарандын абалы эки пенсияны тең алууга ылайыктуу болсо, жогорудагы негиз боюнча пенсиянын бир гана түрүн ала алат дегенди билдирет.

Комментарий калтыруу