ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Эмне үчүн аппендицит коркунучтуу?
🔹Аппендицит - бул курт сымал шишиктин сезгениши. Аппендицитти кетирбесе же дарыгерге кайрылбай анальгетиктерди (оорууну басаңдатуучу) ичсеңиз, жарылып кетиши мүмкүн.
🔹Натыйжада ич көңдөйүнө чогулган бактериялар жана ириңдер кирип, анын былжыр челинин сезгенишине алып келет.
🔹Бул абал перитонит деп аталат жана ал көп учурда кан менен ууланууга, б.а. сепсиске алып келгендиктен өмүргө өтө коркунучтуу.