ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Эненин курсагындагы түйүлдүк тышкы дүйнөдөн келген үндөрдү угабы?
🔷 Түйүлдүктүн өнүгүүсүнүн 5-6 жумасында мээси калыптанса, 8-10 жумада угуу анализаторлору пайда болот. Алгач түйүлдүк эненин денесиндеги жүрөктүн кагышын, кан тамырлардагы кандын кыймылын угат. 12-16 жумадан баштап бардык үндөр угулуп баштайт.
🔶 Кош бойлуулуктун 24-жумасынан баштап түйүлдүк эненин жана эне менен эң көп мамиледе болгон адамдардын үнүн тааный баштайт. Мына ошондуктан жаңы төрөлгөн наристе ата-энесинин үнүн көптөгөн үндөрдүн ичинен айырмалай алат. Кош бойлуу кезинде эне угууга көнгөн музыка жаңы төрөлгөн наристеге тынчтандыруучу таасирин тийгизет, анткени наристе кош бойлуу кезин эстеп төрөлөт.