ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Эрте төрөткө алып келүүчү тобокелдик факторлору
социалдык-демографиялык (үй-бүлөнүн туруксуздугу, социалдык турмуштун начардыгы, жаш үй-бүлөлөр) жана медициналык (мурунку бойдон алдыруу, көп төрөт, түйүлдүктүн гемолиздик оорулары – эненин резус-конфликтинен келип чыккан өнөкөт оорулары) болушу мүмкүн. Кошумчалай кетсек, мөөнөтүнөн мурда төрөт кош бойлуулук учурундагы кесиптик зыян, зыяндуу адаттар, физикалык жана психикалык жаракаттардан улам келип чыгышы мүмкүн.
Кош бойлуулуктун 22-37-жума аралыгында төрөлгөн жана салмагы 500 граммдан ашкан бала мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн бала деп аныкталат. Бул көрсөткүчтөр ДСУ тарабынан киргизилген.