ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Кыска убакыттын ичинде YouTube'га көптөгөн жазылуучуларды чогултуу мүмкүнбү?
📌Ооба, албетте - 0дөн баштасаңыз, миллиондогон адамдар болбосо дагы, чоң аудиторияны топтой аласыз.
- Алгач каналыңыздын темасын атаңыз. Бул маселеге адаттан тыш мамиле жасаңыз. Башкача айтканда, мазмунду тандоодо жаңылбаңыз. Сизди кызыктырган жана түшүнүгү бар багытты тандаңыз.
- Каналыңыздын жасалгаланышына өзгөчө көңүл буруңуз. Себеби каналыңыздын дизайны дагы адамдарды өзүнө тартып турат. Бир аз акча салып, дизайнерлерге кайрылсаңыз жакшы болот.
- Жогорку сапаттагы видеолорду чыгарыңыз. Видеолоруңуз үчүн туура тэгди жана аталышты киргизиңиз. Эгер видеолоруңуз актуалдуу болсо жана каналыңызга суроо-талап жогору болсо, YouTube өзү сизди башкаларга сунуштайт.
- Эң негизгиси, көңүлүңдү чөгөрбө. Алдамчылык жана жасалма эсеп жазууларды колдонбоңуз. Ийгиликке кыйынчылыксыз жетүүгө болбой тургандыгын эч качан унутпаңыз!