Кол-буттун үшүп калышына эмне себеп болот?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Кол-буттун үшүп калышына эмне себеп болот?

➥ Анемия. Мында бүт денедеги кан айлануу системасы жашоого керектүү органдарды гана кан менен камсыз кылууга аракет кылат жана буттардагы жана колдордогу кан тамырлар дайыма жыйрылуу абалында болот.

➥ Кээ бир адамдарда вегетативдик нерв системасынын өзгөчөлүгү бар жана жылуулукту нормада кармап туруу процесси жакшы өнүкпөгөндүктөн, кан перифериялык кан тамырларда жакшы айланбайт, натыйжада бут жана колдору дайыма муздак. Бул абал ооруну билдирбейт.

➥ Мындан тышкары:
▪️ Гипотиреоз
▪️ Рейно оорусу
▪️Кант диабетинин татаалдашында
▪️ Бөйрөк ооруларында да буттун, колдун тоңушу байкалат.

Комментарий калтыруу