Баланын иммунитети төмөн болсо

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

♻️ Баланын иммунитети төмөн болсо...
Жаш балдардын иммундук системасынын бузулушун төмөнкү учурларда байкоого болот:
🔹 Сасык тумоо, бронхит, курч респиратордук оорулар жылына 5 жолу, кээде андан да көп кездешет.
🔹 Балага аз кандуулук (кандагы гемоглобиндин азайышы иммундук системаны алсыратат) диагнозу коюлса.
🔹 Оорунун тез-тез кайталанышы жана ооруган күндөрдүн узартылышы.
🔹 Көздүн тегереги көгөргөн, алсыздык, алсыздык.
🔹 Курт оорусунда жана аллергияда (иммуножетишсиздик дисбактериозго жакын балдарда да байкалат).
🔰 Көйгөйдү өз убагында чечүү баланын ден соолугун тезирээк калыбына келтирүүгө жардам берерин унутпаңыз. Биринчи кезекте баланы педиатрга текшерүү керек. Анын жалпы абалына байланыштуу атайын медициналык текшерүүлөр талап кылынат. Канда ар кандай инфекцияларды пайда кылган бактериялар да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. (Иммундук системага зыян келтирүүчү зыяндуу вирустарды кан анализи аркылуу аныктоого болот.)
📝 Кеңеш баланын рационун күчтүү сапаттуу азыктар менен байытуу, аны сыртта бат-бат сейилдөөлөргө алып баруу. Үч жаштан жогорку балдарды бассейндерге жуунтуп, денесин күнгө чылап, атайын физикалык көнүгүүлөрдү жасоо менен машыгуу керек. Физиотерапиялык ыкмаларды колдонуу менен жалпы массаждык көнүгүүлөр (адистердин кеңеши боюнча) колдонуңуз.
💭 Табигый ыкмаларды колдонуу менен реабилитациялоо баланын организмине жакшы таасирин тийгизет. Жылына бир жолу жайдын күндөрүндө баланы тоо бооруна алып чыгып, таза абада көбүрөөк эс алуу анын ден соолугуна пайдалуу. Аба ваннасын эки жашка чейинки балдарга колдонсо болот. Алгач ымыркай кийимдерин чечип ачык жерге 1-2 мүнөткө жаткырышат. Абанын температурасы 18-20 градустан төмөн болбошу керек. Аба ваннасынын узактыгы күн сайын 1 мүнөткө көбөйтүлөт. Аны колдонуудан мурун баланын жалпы абалын эске алуу керек. Аба ваннасынын артыкчылыгы - баланын организми тышкы чөйрөгө тез ыңгайлашат.
👶🏻 Балдардын иммунитетин чыңдоодо табигый таттуулардын ролу да баа жеткис. Бул жөнүндө билүү зыян эмес. Мисалы, сарымсак сасык тумоонун алдын алат, апельсин С витаминине бай, лимон жана балдан жасалган чай суук тийүүнү даарылайт, бал иммунитетти көтөрүп, канды тазалайт. Кызыл сабиз да көздүн көрүүсүн жогорулатат, шалкан суук тийүүнү жок кылат, кызыл кызылча канды кетирүүчү касиетке ээ. Анар организмди шлактардан тазалайт, алма аппетитти ачат. Сүт азыктарынын курамындагы лакто жана бифидобактериялар организмдеги пайдалуу бактерияларды активдештирип, иммунитетти бекемдейт.
Булак © @Жаш_энелерге_кеңештер

Комментарий калтыруу