ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
БЕТТИН ТАГЫН ЧЫГАРУУНУН ОНОЙ ЖОЛдору
➥ 1 аш кашык кунжут, 1 жумуртканын агы жана бир аш кашык өсүмдүк майын сууга аралаштырып, бетке калың сүйкөйсүз. 20-25 мүнөттөн кийин жылуу сууга жуулат.
Дарылоо таасири сезилгенге чейин жүргүзүлөт.
➥ Дагы бир ыкма: бир тутам пиязды 0,5 литр сууга 10-15 мүнөт кайнатыңыз. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин ал дакиден өткөрүлөт. Муздагандан кийин муздаткычка жабылган идишке салынат.
Бул кайнатма менен бетиңизди күнүгө сүртүп турсаңыз, тактар кетип, тери агарат.