ДИНИ ОКУУ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДОКУМЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУНУН МӨНӨТҮ

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

ДИНИ ОКУУ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДОКУМЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУНУН МӨНӨТҮ
✅ 2022-2023-окуу жылына Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгына караштуу жогорку жана орто атайын диний окуу жайларына тапшыруучу абитуриенттердин документтери окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы тарабынан оффлайн режиминде кабыл алынат.
🏫 Орто атайын ислам окуу жайларында: 2022-жылдын 20-июнунан 10-июлуна чейин (ошол эле күнү саат 18:00гө чейин).
Керектүү документтер:
- окуу жайдын жетекчисинин атына жазылган арыз;
- паспорттун же ID картанын көчүрмөсү (түп нускасы көрсөтүлөт);
- билими тууралуу аттестат же диплом (түп нускасы);
- 3,5 х 4,5 өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт (акыркы үч айда тартылган жана фон ак түстө болушу керек);
- Чет тилин билгендиги тууралуу күбөлүктүн түп нускасы (билим боюнча документте көрсөтүлгөн чет тилден башка тил боюнча сынак тапшыруучулар үчүн).

📚 Жогорку диний окуу жайларда:

🔸Ташкент Ислам институту жана Мир Араб жогорку медресеси: 2022-жылдын 20-июнунан 20-июлуна чейин (ошол эле күнү саат 18:00гө чейин).
🔸Хадис илими мектебинде: 2022-жылдын 20-июнунан 10-июлуна чейин (ошол эле күнү саат 18:00гө чейин).
Керектүү документтер:
- окуу жайдын ректорунун атына жазылган арыз;
- паспорттун же ID картанын көчүрмөсү (түп нускасы көрсөтүлөт);
- орто атайын ислам билимин аяктагандыгы тууралуу документтин (дипломдун) түп нускасы;
- 3,5 х 4,5 өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт (акыркы үч айда тартылган жана фон ак болушу керек);
- «Бирдиктүү Олимпиада» сынагынын диплому (сынакта 1, 2, 3-орунду алган катышуучулар үчүн).
Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгы
Билим берүү жана изилдөө бөлүмү

Комментарий калтыруу