ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
ТАРТИП ЖАЗАСЫ КАНЧАГА чейин?
⚡️СУРОО;
Дисциплинардык жаза алган кызматкер ал жазаны алып салуу үчүн канча убакыт талап кылынат?
⚡️ЖООП;
Эмгек кодексинин 183-беренесине ылайык, тартиптик жазанын мөөнөтү жаза колдонулган күндөн тартып 1 жылдан ашпоого тийиш. Эгерде кызматкер бул мөөнөттүн ичинде кайрадан тартиптик жазага тартылбаса, ал тартиптик жаза алган эмес деп эсептелет. (Эч нерсе болбогондой баса алат)
❗️Тартип жазасын колдонгон иш берүүчүлөр өз демилгеси боюнча, кызматкердин арызы боюнча, эмгек жамаатынын же кызматкердин түздөн-түз жетекчисинин талабы боюнча 1 жылдан кийин да жазаны алып салууга укуктуу.
❗️Тартиптик жазанын терс факторлорунун бири бул жазага дуушар болгон кызматкердин жаза өтөө мезгилинде эч кандай кошумча кызыктыруучу чаралар көрүлбөйт.