ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
❓ Баласына эмдөө алгандан кийин жаш энелер кандай сунуштарды аткарышы керек?
👶🏻Эгер эмдөөдөн кийин баланын дене табы максимум 38.5 градуска чейин көтөрүлсө, бул нормалдуу реакция. Балага суюктукту көп ичүү сунушталат. Зарыл болсо, антипиретикалык сиропту да ичсе болот.
😷Эгер балада суук тийип калган болсо, эмдөө мүмкүн эмес. Бала толук айыгып кеткенден кийин эмдөө жасаса болот;
Эмдөөлөрдүн ортосундагы интервал 1 айдан кем эмес болушу керек;
Эмдөөдөн мурун жана эмдөөдөн кийин бир нече күн бала менен эл көп жерлерге барбоо сунушталат.
💧Эгер эмдөөдөн кийин баланын дене табы максимум 38.5 градуска чейин көтөрүлсө, бул нормалдуу реакция. Балага суюктукту көп ичүү сунушталат. Зарыл болсо, антипиретикалык сиропту да ичсе болот.
🩺Вакцинага реакция 2 күндөн ашпоого тийиш. Эгерде ал улана берсе, дарыгерге кайрылыңыз.
🥗 Бир жашка чейинки балдардын рационуна жаңы азыктарды эмдөөдөн бир нече күн мурун жана андан кийин киргизүү мүмкүн эмес;
🤱 Эмдөө мезгилинде эмчек эмизүүнү улантуу абдан маанилүү;
👨👩👧👧 Баланы эмдөөдө баланын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн дени сак болушу керек;
Эмдөөдөн кийин баланы жок дегенде бир күн жуунтууга болбойт.