Кош бойлуулуктун канча жумасында кальций ичүү керек?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Кош бойлуулуктун канча жумасында кальций ичүү керек?

✅ Кош бойлуулукта ар бир мүнөт маанилүү. Себеби бала тынымсыз өнүгүүдө. Бул мезгилде бала эненин организминен курулуш материалы болгон протеиндик заттарды, өнүгүү үчүн бардык витаминдерди жана минералдарды алат. Андыктан бул мезгилде эненин ден соолугунун чың болушу, ар кандай ооруларга чалдыкпашы, туура тамактануусу абдан маанилүү.

☑️ Мындай жагдайларды эске алуу менен дарыгерлер кош бойлуу кезде ар кандай сунуштарды беришет. Кальций кошулмаларын канчалык эрте ичсеңиз, ошончолук жакшы. Анткени биринчи триместрде түйүлдүктүн сөөк тканынын өнүгүүсү байкалат.

🧀 Кош бойлуу кезде кальций кошулмаларына гана ишенбестен, диетага кальцийге бай азыктарды да киргизүү керек. Сүт азыктары, йогурт, быштак, сыр, жумуртка, буурчак өсүмдүктөрү жана деңиз азыктары кальцийге бай.

Комментарий калтыруу