ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекциялар) учурунда балдардын иммундук системасын бекемдөөчү витаминдер
📌Витамин D - цитокиндердин өндүрүшүн жакшыртат. Цитокиндер өз кезегинде "иммундук системаны иммунитетке ээ кылат" жана гуморалдык иммунитетти активдештирет. Сүт жана сүт азыктарында кеңири таралган.
📌Витамин С - интерферон синтезин стимулдайт жана иммунитетке стимулдаштыруучу таасир берет. Организмдин вируска каршы касиеттерин жогорулатат. Наматак, болгар калемпири, көк чөп, цитрус жемиштеринде кеңири таралган.
❗️Жогоруда айтылган витаминдерди педиатрдын сунушу боюнча гана дары түрүндө колдонсо болот.
© Доктор Мухторов