Ашыкча салмак жана тестостерон

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Ашыкча салмак жана тестостерон

Тестостерон негизги эркек гормону болуп саналат. Бул гормондун жетишсиздиги эркектерде түшүнүксүз семирүүнү пайда кылат.
Эгерде сиз диетаны карманбай, ашыкча тамактансаңыз, семирүү пайда болуп, майлар курсак жана белде (висцералдык органдарда) чогула баштайт жана бул майлар тестостеронду жок кылып, анын активдүүлүгүн жана көлөмүн азайтат.

Белгилей кетсек, биринчи учурда тестостерондун жетишсиздигинен семирүү байкалса, экинчисинде семирүүдөн келип чыккан тестостерондун көлөмү азаят.

Жыйынтык: Туура тамактануу жана ашыкча салмак кошуудан сактануу маанилүү. Эгерде түшүнүксүз семирүү байкалса, тестостеронду жана физикалык активдүүлүктү жогорулаткан азыктарды керектөөнү көбөйтүү керек.

Тестостеронду жогорулаткан ТОП продуктылар:
• Имбирь (https://t.me/taomlanish_ilmi/1188) (имбирь)
• Устрицалар
• Анар, инжир, банан
• Д витаминине бай азыктар (https://t.me/taomlanish_ilmi/620)
• Цинкке бай азыктар (https://t.me/taomlanish_ilmi/654)
• Ачуу калемпир
• Сарымсак
• койдун майы (https://t.me/taomlanish_ilmi/1647) жана балык майы
• Шалкан
• Зайтун майы (зайтун)
• Жаңгактар
• Кара шоколад
• Сүт жана сүт азыктары
• Эт жана эт азыктары
Мындан тышкары:
- Дени сак уйку (7-8 саат)
- Стрессти азайтуу

Тестостеронду азайтуучу продуктылар:
• Кайра иштетилген продуктылар
• Консервалар
• Спирт
• Газдалган түстүү суусундуктар
• Транс майлар
• Кант, туз
• Фастфуд (https://t.me/taomlanish_ilmi/1330)
Мындан тышкары:
- Семирүү
- Гиподинамия
- Стресс, депрессия
- Туура эмес тамактануу

Тестостерондун организмдеги негизги функциялары тууралуу кийинчерээк айтып берем.

Тамактануу (https://t.me/joinchat/UFtOc0gAG-8iTHN6)

Комментарий калтыруу