Жаман маанайдан кантип арылууга болот?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Жаман маанай баарына тааныш жагдай. Кимдир бирөө ушундай оор жагдайга туш болуп жатса, айрымдар ага анча деле маани беришпейт. Жаман маанайы бар адам жалкоо болуп, көңүлү чөгөт, аны менен баарлашуу жагымсыз, бардыгы аны ачуулантат. Жаман маанайдан кантип чыгуунун айрым жолдору.

Жаман маанайдын себептерин аныктаңыз

Балким, жакын адамыңыз менен талашып-тартышып, же ден-соолугуңуз начарлап жаткандыр же жумушта кыйынчылыктар болуп жатабы? Муну аныктап, учурдагы көйгөйдү чечип коюңуз.

Уйку жана эс алуу жетиштүү

Жашоо татаал кырдаалга толгон болсо дагы, кээде өзүңүздү эс алууга аракет кылыңыз. Антпесе, жаман маанай депрессияга айланышы мүмкүн.

Жөнөкөй күнүмдүк жашоодон кубаныч изде

Күнүмдүк чуркоодон бир саамга токтоп, айланаңызды караңыз: ак карга чулганган жаратылыштын кооздугу, кар тогол ойноп жаткан балдардын күлгөнү. Эртең менен таза абада дем алыңыз. Бул сенин жашооң! Жашоо кандай сонун!

Жаңы хобби алыңыз

Англисче, тигүү, бий же айдоо курстары - жаман маанай менен күрөшүүдө мыкты жардамчылар. Жаңы билим алуу менен, бардык кайгы-капалар артта калат.

Эсиңизде болсун, жашоо аны жагымсыз нерселерге жана жаман маанайда өткөрүүгө өтө кыска кылат.

 

Source: Sof.uz

Комментарий калтыруу