ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Сууну көп ичүү семирүүгө алып келеби?
- Адамдын денесинин 2/3 бөлүгү суудан турат. Чоң адам күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичиши керек. Бирок муну баары эле аткара бербейт. Суу жашоо, ден соолук, сулуулук жана арыктоо үчүн маанилүү!
- Суу ар бир органдын чоң бөлүгүн ээлейт. Мисалы, кандагы суунун көлөмү 90 пайызды, мээде - 85 пайызды, булчуңдарда - 75 пайызды, боордо - 65 пайызды, сөөктө - 28 пайызды, май кыртышында - 25 пайызды түзөт.
- Көпчүлүк адамдар күнүмдүк норманын 1/3 бөлүгүн гана жегендиктен көптөгөн оорулар да өнүгүп кетет.