ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Майлуу боор
(майлуу гепатоз)
Организмде боор чыпка ролун аткарып, тамак-ашты энергияга айлантып, канды тазалайт. Биз керектеген нерселердин баары боор аркылуу өтөт.
Майлуу боор оорусу үчүн тобокелдик тобуна төмөнкүлөр кирет:
- Ашыкча салмак (дене массасынын индекси 25тен жогору) Абдоминалдык семирүү коркунучу (белге май топтолуп калганда). Белдин айланасы 88 см ашпоого тийиш!
- Кандагы холестериндин же триглицериддердин деңгээлинин жогорулашы.
- Кант диабети 2-тип. Кандагы глюкозанын деңгээли 6,1 ммоль / л жогору.
- Тез арыктоо, өтө катуу диета да потенциалдуу коркунучтуу.
ж.б.
Боор өзүн-өзү айыктыруучу орган болуп саналат. Оорунун алгачкы стадияларында туура тамактануу жана жашоо образын өзгөртүү жетиштүү. Боордун майлуу оорусунда Жер ортолук деңиз диетасы туура келет.
Көбүрөөк жегиле: жашылча, балык, дан.
Азыраак: майлуу, туздуу жана таттуу.
Тамактануу (https://t.me/joinchat/UFtOc0gAG-8iTHN6)