Ичтин майын кетирүүчү суусундук

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Ичтин майын кетирүүчү суусундук

Илимпоздор көк чай ичтин майын кетирүүдө эффективдүү суусундук экенин далилдешти. Мындан тышкары, жашылча-жемиштерди үзгүлтүксүз колдонуу бул аймактагы ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Эксперттердин айтымында, карын майы боор жана ичеги сыяктуу маанилүү органдардын жанында пайда болуп, жүрөк оорусуна жана 2-типтеги диабетке чалдыгып калуу коркунучун жогорулатат. Окумуштуулар Кытайда курсактагы висцералдык майдын деңгээли жогору болгон улгайган кишилердин арасында изилдөө жүргүзүштү. Эксперименттин катышуучулары эки топко бөлүнүштү. Алардын бири 12 жума бою күн сайын көк чай ичкен.
Тажрыйба көрсөткөндөй, чай ичкендер курсактагы майлардан дээрлик толук арылат. Катехиндер менен байытылган бул суусундукту колдонуу висцералдык майдын орточо көлөмүн, дене салмагын жана организмде топтолгон ашыкча майды бир кыйла азайткан.

Окумуштуулардын айтымында, көк чай зат алмашууну тездетет. Бул организмге көбүрөөк калорияларды күйгүзүүгө жардам берет.
Курсактагы майдан арылууну каалагандар үчүн эксперттер күн сайын кеминде беш порция мөмө-жемиш жегенди, ошондой эле рационуңузга клетчаткага бай крахмалдуу тамактарды кошууну сунушташат.

Комментарий калтыруу