ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Мурдуңуздан кан кетсе эмне кылуу керек?
🔻 Отуруп башыңызды түз кармаңыз, тамакка кан кирбеши керек.
🔻 Мурундун жумшак жерин манжаларыңыз менен бекем кысып, 10-15 мүнөткө коё бербеңиз. Алгачкы 10 мүнөткө чыдап, кан токтоп калганын текшериңиз.
🔻 Эгерде 10-15 мүнөттөн кийин кан токтобосо, мурунду дагы 15 мүнөт кысууну улантыңыз.
💊 Канды тезирээк токтотуу үчүн вазоконстриктор колдонсоңуз болот. (Мисалы, ксилометазолин эритмесинен)
🩺 Эгерде мурундан кан 30 мүнөт өтсө да токтобосо, дарыгерге кайрылыңыз.