ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Бала эмизген эне төмөнкү азыктарды колдонбошу керек:
✅Жаңы тууралган бадыраң, квас (квас шорпо, б.а. окрошка), полисос продуктылары (коон, дарбыз) - мунун баары баланын ашказанын оорутуп, ичегисинин иштешин начарлатат.
✅Ачык түстөгү жашылча-жемиштерди (кызыл алма, апельсин, шабдалы, өрүк, кызылча, сабиз, помидор, малина, кулпунай) этияттык менен жеңиз. Бул таттуу азыктар ымыркайда аллергия жаратышы мүмкүн.
✅Сүттү ичердин алдында сөзсүз кайнатып алыңыз, анткени ал баланын ашказанын эс алууга жардам берет. Мындан тышкары, бышпаган сүт өзгөчө жай мезгилинде курч ичеги инфекциясын пайда кылат.
✅Сарымсак, пияз, сельдерей жана түрдүү татымалдар эмчек сүтүнө жагымсыз даам берет, ошондуктан аларды кыянаттык менен пайдаланбаңыз.
✅Алкоголь жана тамеки эмчек сүтүнө ачуу даам берет. Мындан тышкары, алардын курамындагы заттар баланын организмине кирген кычкылтекти тоскондуктан, баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.