Ажырашкандан кийин апасы баласын атасына көрсөтпөөгө акысы барбы.

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Ажырашкандан кийин апасы баласын атасына көрсөтпөөгө акысы барбы.

⚡️Суроо;
Уулум келиним менен ажырашып кетти, келиним неберемди көрүп каршы болуп атат, эмне кылабыз. Биздин келиндин буга укугу барбы?

⚡️Жооп;
Үй-бүлө кодексине ылайык, баланы чоң ата, чоң эне, ага-ини, эже-сиңди жана башка жакын туугандары көрүүгө укуктуу. Эгерде ата-энеси жакын туугандарына баланы көрүүгө уруксат бербесе, анда камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органы аларга мүмкүнчүлүк бере алат. Ошондой эле бала менен жолугушуунун убактысын белгилөө жана кийлигишпөө милдетин жүктөө боюнча сотко доо арыз менен кайрылса болот.

🢢 Кыскасы, келиниңиздин баланы көрсөтпөөгө акысы жок. Эгер иш жүзүндө сиз айткандай маселе жаралса, сотко кайрылуу менен маселени оң жагына чечсе болот.

Комментарий калтыруу