Варикоздун татаалдашуулары жана алдын алуу.

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

⚡️ Буттун варикоздук веналарынын татаалдашы жана алдын алуу.
Буттун варикоздук кеңейиши, б.а., веналардын кеңейиши жана түйүлүүсү негизинен үзгүлтүксүз оор физикалык эмгектин, көпкө туруунун натыйжасында веналарда кан айлануунун кыйындашы менен шартталган.
Теринин астынан чоңойгон веналар (варикоздук түйүндөр) көрүнүп турат, буту шишип, ооруйт, басканда оорулуу бат чарчайт. Кийинчерээк веналарда тромбу (бөгөт) пайда болушу мүмкүн.
Варикоздун тамырларын дарылоо кечиктирилгенде, төмөнкү оорулар пайда болот
▪️ кан тамырларда кан коюуланат;
▪️ териде ар кандай трофикалык жаралар пайда болот;
▪️ буттун венасында тромбофлебит (уюган кан тамырлардын капталынын сезгениши) пайда болот;
▪️ кан тамыр тромбоэмболиясы (тромбдун бүтөлүшүнүн натыйжасында ооруган тамырдын жабылышы) байкалат.
Буттун терең тамырларынын тромбофлебити варикоздун эң олуттуу татаалдыгы болуп саналат. Варикозду дарылоо үчүн врачтын кеңеши боюнча түрдүү процедураларды жүргүзүү зарыл. Үй шартында оорунун алгачкы стадиясында бутту серпилгич таңуу менен байлоо гана пайдалуу.
Консервативдик (дары) дарылоодон тышкары, варикозду склеротерапия, лазердик облитерация, хирургиялык процедуралар колдонулат. Склеротерапия косметикалык ыкма катары каралат жана аны колдонсо бутта тырык калбайт. Лазердик облитерацияда тамырдын көңдөйү лазер нурунун жардамы менен толугу менен жабылат.
Варикозду алдын алуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлсө болот:
▪️салмакты көзөмөлдөө, б.а. кыска мөөнөттө семирүүнүн алдын алуу;
▪️кан агымын чектеген тар нерселерден качуу;
▪️ кебез кездемеден жасалган ич кийимдерди кийүү;
▪️ бийик такалуу бут кийимдерге караганда согончогу жакшыраак кармаган бут кийимди тандаңыз;
Оор жүктөрдү көтөрүүдөн же көпкө туруудан алыс болуңуз.
Варикоздун белгилери пайда болгондо адегенде дарыгерге кайрылууну унутпаңыз, андан кийин дайыма эластикалык байпак кийиңиз. Оор жумуштарды аткарганда бутту токулган ийкемдүү бинт менен да байласа болот.
@dori суу

Комментарий калтыруу