Үйдө буттун тердөөсүн дарылоо

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

❗️ Буттун тердөөсүн үйдө дарылоо

♨️ 1. Бут ашыкча тердегенде сода эритмеси менен компресс кылуу сунушталат. Ал үчүн 40 г сода алып, 200 мл жылуу сууга эритүү керек. Эритме дакиге малып, бутка байланат.
✔️Дарылоо 2 жума бою жүргүзүлүшү керек.

♨️2. Пиво менен ваннага түшүңүз. Сууну пиво менен аралаштырып, ага бутту 15 мүнөт кармап, анан кургак сүлгү менен сүртүңүз.9% алма уксусунун эритмеси. Уксус эритмесине малынган бинтти буттун жерине, манжалардын ортосуна коюу керек.
✔️ Дарылоону эртең менен жасаган жакшы, терди азайтып, жагымсыз жыттардан арылууга жардам берет.

♨️3. Ромашка менен эмендин тамырынан жасалган эритме (аптекалардан тапса болот) тер бездеринин иштешин жакшыртат, сезгенүүнү, толкунданууну жок кылат. Бул өсүмдүктөрдүн кургатылган жана майдаланган порошокту сууга 15 мүнөт кайнатып, андан кийин 3 саат тыныктырып коюу керек. Эритмени суу менен аралаштырып бутту жуунуу сунушталат. дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, ал жатар алдында жүзөгө ашырылышы керек.

♨️4. Деңиз тузу менен ваннага түшүңүз (morskoy sol). Деңиз тузун жылуу сууга эритип, уктаар алдында 15 мүнөт бутту жуунуу тер бездеринин тешикчелерин тазалап, жагымсыз жыттан арылууга жардам берет.

@dori суу

Комментарий калтыруу