Гипноз арыктоого жардам береби?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Гипноз арыктоого жардам береби?

Европадагы жүздөгөн диеталардын жана арыктоо программаларынын ичинен эң эффективдүү ыкмасы арыктоо гипнозу.

Себеби, бардык өчүргүчтөр жана башкаруу элементтери мээбизде. Тилекке каршы, ашыкча салмактуу адамдар эрктин жетишсиздигинен ар кандай диета программасынан баш тартышат. Ошондуктан, эң биринчи мээни кайра программалоо керек.

Жүз миңдеген адамдар гипноз аркылуу жашоосун өзгөртүштү. Подсознание түшүп, транс абалында берилген буйруктун күчү көбүрөөк.

⚡️ Ашыкча салмактын пайда болушу менен адамдын денесин тең салмакта кармап турган таразалар бузулуп, система көзөмөлдөн чыгып кетет. Мындан улам адам көп жеп, бул процессти башкара албайт.

Мындан улам биринчи кезекте арыктоого психологиялык жактан даяр болушуңуз керек. Арыктоо эң биринчи мээден башталат. Болбосо жеңилүү ар дайым боло берет.

⚡️ Клиникалык психология боюнча 6-7 ай окуганымды көптөр билбейт. Мен 10 жылдан бери психологияга катуу кызыгып келем.

Бул билимдин натыйжасында мен жакында арыктоо гипноз сессиясынын программасын бүтүрөм. Кадимки кулакчындар аркылуу бир сааттык аудио угуу менен гипноз сеансын өткөрүүгө болот.

Комментарий калтыруу