Баланын иммунитетин табигый түрдө жогорулатуунун жолдору:

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Баланын иммунитетин табигый түрдө жогорулатуунун жолдору:

Баланын иммундук системасынын бузулушунун дагы бир себеби - организмде витаминдин жетишсиздиги (гиповитаминоз). Бала витаминдерди жетиштүү алыш үчүн тамактын сапаты жогору болушу керек. Баланын организмине күн сайын жашылча-жемиштер, углевод жана белок продуктылары жетиштүү өлчөмдө берилиши. Тилекке каршы, кошумча пероралдык дары-дармектер түрүндө витаминдердин сиңирүү деңгээли өтө төмөн. Бирок керек болсо витаминдерди дарыгер менен кеңешип өзүнчө ичүү сунушталат.
Иммуностимуляторлорду кабыл алуу
Азыркы учурда иммуностимуляторлор абдан кеңири таралган, бирок аларды организмде чыныгы иммундук жетишсиздик (иммундук системанын активдүүлүгүнүн төмөндөшү) бар экендиги айкын болгондо гана кабыл алууга болот. Муну иммунологдун атайын текшерүүлөрү менен гана аныктоого болот. Эгерде иммунологдун кеңеши болбосо, мындай дарыларды кабыл алуу баланын табигый иммундук системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бала иммуностимуляторду кабыл алуу үчүн төмөнкү шарттардын бири болушу керек:

Баланын иммундук жетишсиздигин иммунолог аныктайт;
Баланын иммунитетин көтөрүүнүн табигый жолдору колдонулганы менен эч кандай пайдасы жок (катуу, витаминдерге жана минералдарга бай тамактануу, баланын жашоо шартын жакшыртуу);
Баланын ички органдарынын өнөкөт оорулары аныкталган эмес.

Иммунитетти табигый түрдө көтөрүүчү продукциялар:
1. Сут
2. Йогурт
3. Болбо
4. Сабиз
5. Бал
6. Кызылча
7. Балык
8. Пияз жана сарымсак тиштери
9. Седана майы (күнүнө 1 чай кашык)
10. Лимон
11. Наматак тундурмасы
12. Туздалган бадыраң, алманын кабыгы, кара өрүктүн кабыгы жана алардын тундурмалары
13. Түрдүү уруктар
14. Петрушка жашылчалары
Бул азыктарды балаңыздын эртең мененки тамагына күн сайын кошуп турсаңыз, анын иммунитети табигый түрдө көтөрүлөт.

Комментарий калтыруу