Эмчек эмизүү…

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

🍽 Бала эмизгенден кийинки тамак-аш…

👶🏻 Көбүнчө бала 6 ай болгондо кошумча тамак берилет. Стандарттык учурда, мөмө-жемиштер, жашылчалар жана дан эгиндери көбүнчө биринчи тамак катары сунушталат. Маселе ымыркайлардын дан азыктарын сиңирүүгө даяр эместигинде. Бала 3 жашка чейин жарманы жакшы сиңире албайт.

🔰 1 жашка чейинки балага берилген күрүч же сулу жакшы сиңирбестен, организмге минералдык заттардын жакшы сиңишине тоскоол болот. Себеби баланын организми мындай азыктарды сиңирүү үчүн керектүү ферменттерди чыгарбайт. Дан эгиндериндеги фитин кислотасы организмде жалпы минералдык жетишсиздикти пайда кылаары далилденген.

🥗 Жашылча-жемиштер антиоксидантка бай болгону менен, баланын организмине керектүү аминокислоталарды, керектүү витаминдерди жана минералдарды бере албайт. Мындан тышкары, жашылча-жемиштердин калориясы өтө төмөн болгондуктан, чоңоюп келе жаткан бала негизги азык катары калориясы жогору тамактарды тандашы керек. Демек, жашылча-жемиштер баланын тамактануусунун негизги жана жалгыз булагы боло албайт.

♻️ Сөзсүз жакындарыңыз менен бөлүшүңүз.

Булак © @pediatronline

Комментарий калтыруу