Канды табигый жол менен көбөйтүүгө болобу?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Канды табигый жол менен көбөйтүүгө болобу?

➥ Аз кандуулук бүгүнкү күндө эң кеңири тараган оорулардын бири. Кандагы гемоглобиндин көлөмү азайганда менюга темир микроэлементтерге бай тамактарды киргизүү керек. Эт азыктарын дарыгерлер көбүрөөк сунушташат.

➥ Этти көпкө чейин термикалык иштетүүгө болбойт. Мындан тышкары алма, кызылча, сабиз ширелери, деңиз азыктары, кайнатылган тил, С витамини бар жемиштер: анар, апельсин, кивиде да гемоглобинди көтөрүүчү микроэлементтер бар.

➥ Аз кандуулукту узак убакыт бою дарылабай коюу аз кандуулуктун татаалдашына алып келет. Кандагы гемоглобиндин көлөмүнүн узак мөөнөткө төмөндөшү иммунитеттин төмөндөшүнө, инфаркттын жана жүрөк оорусунун тездешине, кош бойлуулук учурунда эрте төрөлүүгө, түйүлдүктүн жана балдардын психикалык жана физикалык өнүгүүсүнүн артта калышына алып келет.

Комментарий калтыруу