ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Имбирь (имбирь) пайдасы жөнүндө
• Рак оорусуна чалдыгуу коркунучун азайтат
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, имбирдин ачуу даамы үчүн жооптуу гингерол заты рак оорусунун өнүгүү мүмкүнчүлүгүн азайтууга жардам берет.
• Тамак сиңирүүнү жакшыртат
Имбирь тамак сиңирүү системасына оң таасирин тийгизет, ичегилердин сезгенүүсүн алдын алат, ошондой эле жүрөк айланууну азайтууга жардам берет.
• Ооруну басаңдатат
Окумуштуулардын айтымында, 11 күн бою 2 грамм имбирь ичкен адамдар булчуңдардын оорушу бир кыйла азайганын билдиришкен.
• Кандагы канттын деңгээлин жөнгө салат
2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө 2-типтеги кант диабети менен ооруган 41 бейтап күнүнө 2 грамм имбирди жегенден кийин кандагы канттын көлөмү 12%га азайган.
• Альцгеймер оорусунан коргойт
Бул оорунун дабасы али табыла элек. Ооруга өнөкөт сезгенүү жана стресс себеп болот деп ишенишет. Кээ бир жаныбарларда жүргүзүлгөн изилдөөлөр имбирь бул процесстерди жайлатаарын көрсөттү.
• Салмагын азайтат
Дүйнө жүзүндөгү адамдар мүмкүн болушунча арыктоого аракет кылып жатышат. Имбирди колдонуу арыктоого жардам берет. Анткени ал зат алмашууну стимулдайт жана дайыма токчулук сезимин берет.
⚡️ Каршы көрсөтмөсү: гастрит, жара, ашказан-ичеги, боор, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында.
Кош бойлуу жана эмчек эмизүү учурунда колдонуу сунушталбайт.
Кандай болгон күндө да имбирди ичерден мурун доктурга кайрылыңыз!
Тамактануу (https://t.me/joinchat/UFtOc0gAG-8iTHN6)